Урогениталдык инфекциялар аркылуу өтүшүп кеткен урук чыктагыч бездин түбү кайырдуу гиперплазиясынын клиникалык-лаборатордук көрсөткүчтөрүнүн өзгөчөлүктөрү
Бул статьяда 150 УГИ аркылуу өтүшүп кеткен УБТГ менен жабыркашкан бейтаптардын трансуретралдык резекциялоого чейинки клиникалык-лаборатордук өзгөчүлүктөрү берилген.
Проблеманын актуалдуулугу: Урук чыктагыч бездин түбү кайырдуу гиперплазиясы (УБТГ) бүткүл дүйнө жүзүндөгү эркектердин сийдик-жыныстык мүчөлөрү жаатында кездешүүчү оорулардын ичинен алдыңкы орундардын бирин ээлейт жана медициналык-социалдык жана экономикалык аспектилерден туруп алганда саламаттык сактоо системасында өтө жогорку мааниге ээ [2,3,5,6].
Акыркы он жыл аралыгында гоноккоктор, трихоманаддар, хламидиялар, микаплазма жана уреплазмалар өңдүү урогениталдык инфекциялардын айынан бул оорудан жапа чеккен адамдардын саны кыйла өскөн. Мунун өзү операцияга чейинки жана анан кийинки дарылоолордо урук чыктагыч безинин оор мүнөздөгү ооруларынын өз ара тартылуусунун себептерин түшүндүрүүсү мүмкүн [1,4].
Клиникалык материал жана изилдөө мүнөздөмөсү: УГИ негизинде өтүшүп кеткен УБТГ диагнозу менен Улуттук госпиталдын алдындагы урология бөлүмдөрүндө 2002-жылдан тартып 2012-жылдар аралыгында операция болушкан 40тан 70 жашка чейинки курактагылар 150 бейтаптар. Диагностикалык программа өз алдына бир гана УБТГны эмес, УГИге мүнөздүү белгилерди аныктоону максат кылган.
Изилдөө натыйжалары: Стационарга келип түшкөндөн кийин биз бейтаптардын арызданууларына көңүл буруп, маалыматтарды системалаштырдык (1 табл.)
1-таблица - Келип түшкөндөгү УБТГнын клиникалык мүнөзү
Симптомдор:
| (n=150)
| абс. %
|
Инфравезикалдык обструкция |
|
|
---|
сийдиктин араңдан зорго чыгышы
| 112 | 74,7 |
странгурия
| 29 | 19,3 |
заара ушатып жатканда ич көңдөй бетинин чыңалышы
| 134 | 89,3 |
заара ушатуу мезгилинин узактыгы
| 130 | 86,6 |
заара ушатуу мезгилиндеги тыныгуулар
| 91 | 13,65
|
заара ушатуунун аягында сийдиктин тамчылашы
| 26 | 17,33
|
табарсыктын толук кандуу бошобой калышы
| 120 | 80,0 |
парадоксалдык ишурия
| 25 | 16,6 |
Ирритативдүүлөр: |
|
|
аз өлчөм менен улам-улам заара ушатуу
| 69 | 46 |
заара ушаткысы келе берүү
| 36 | 24 |
сийдиктин императивдик мүнөздө кармалбай калышы
| 98 | 65,3 |
никтурия (түнкү поллакиурия)
| 118 | 78,6 |
Оору белгилерин изилдөөлөрдүн жыйынтыгында УБТГнын клиникалык белгилери 40-49 жаш курактагы эркектер арасында 15% болсо 60-69 жаш куракта 45%га жетээри аныкталды. Бейтаптардын 73%ы УБТГ жана УБР оорулары тууралуу билбей тургандыгын, 45%ы бул мурда-кийин болуп жүргөн белгилер экендигин, ал эми 13%ы биринчи жолу билип жатышкандыгын айтышкан.
Анамнезди жыйноо маалында дээрлик бардык бейтаптар УГИнин клиникалык көрүнүшүнөн кабар берген ар кыл симптормдор менен жок эле дегенде бир жолу жабыркашкандыктарын белгилешкен. Сурамжылоо маалында эркектердин 76%ы алардан табылган УГИ туурасында биринчи жолу билип жатышкандыктарын, ал эми калгандары мурда жабыркашкандыктарын (8 адам өзүн-өзү дарылоого алышкан) же качан инфекция жуктуруп алышкандыктарын так аныктай албай тургандыктарын айтышкан. Дээрлик бардык бейтаптар бир гана жыныстык өнөктөш күтүшкөндүгүн жана кокустан болгон жыныстык байланыштын болбогондугун айтышкан.
Биз тараптан жүргүзүлгөн изилдөөлөр учурунда табылган симптомдор менен бирге бейтаптар өмүрүндө жок эле дегенде бир жолу жолуктурган симптомдор 2-таблицага киргизилген.
2-таблица. УГИ негизинде өтүшүп кеткен УБТГ бейтаптарынын клиникалык симптомдору
Белгилер, симптомдор
| Оорулуулардын саны (n=150) | абс. %
|
Арыздардын жоктугу
| 82
| 54,6
|
Табарсык туштун ооруксунуусу
| 5 | 3,3 |
Уретра аймагынын сыздап оорушу
| 119 | 79,3 |
Уретра эриндеринин шишимик тартышы жана гиперемиясы
| 105 | 70 |
Уретрадан суюктуктун бөлүнүп чыгуусу: - аз өлчөмдө
- эртең мененки тамчы
- былжырлуу
- киргилт, ириңдүү
| 68 45 2 1 20 | 45,3 30 1,3 0,6 13,3 |
Экстрагениталдык оорулар: - конъюнктивит
- Рейтер оорусу
- с.Фитца-Хью Куртиса
- ЦНС оорусу
- муундардын жабыркашы
- курсак көңдөйүндөгү лимфатикалык түйүндөрдүн чоңойушу.
| 129 6 3 1 4 63 52 | 86 4 2 0,6 2,6 42 34,6 |
Даттанууларды деталдаштыра келгенде бейтаптар көпчүлүк учурларда (22%) СЖО аймагындагы дискомфортко, андан кийин кычыштырууларга (12%) жана уретрадагы сайгылашууларга (5%) арызданаары маалым болгон.
Эркектердин 6 пайызынын тышкы жыныстык органдарынын аймагында ооруксунуу сезими болуп жаткандагы аныкталган жана бул бейтаптардын бардыгы тез-тез заара кыла тургандыктарын белгилешкен. Текшерүүлөрдүн жүрүшү бейтаптардын 18% да ар кыл клиникалык белгилер бар экендигин, ал эми көпчүлүк учурларда (82%) ал кездешпей тургандыгын көрсөттү. Бейтаптар тарабынан көрсөтүлгөн бардык симптомдорду УБТГ га мүнөздүү симптоматикага киргизүүгө болот, бирок бул бейтаптарга кийин ИФА же ПЧР жүргүзүлгөн жана дарт аныктоо жолу аркылуу УГИ аныкталган.
68 (45,3%) бейтаптагы клиникалык симптомдорго уретрадагы ар кыл бөлүнүп чыгууларды кошууга болот. Белгилей кетчү нерсе, 45 (30%) бейтапта бөлүнүп чыгуулар билинер-билинбес мүнөздө, ал эми 2 (1,3%) бейтапта алар таң эрте тамчы түрүндө гана келээри маалым болгон. Көлөмү жагынан чоңойуп кетишкен жука чурай түйүндөрүнө 52 (34,6%) адаттагыдан аз пальпацияланган, ал эми 105 (70%) бейтапта уретра эринчесинин гипермиясы байкалган.
3-таблицадан УБТГ менен жабыркашкан бейтаптаптарга өткөрүлгөн ИФА жана ПЧР-диагностикасынын жыйынтыктары берилди жана андан көптөгөн жыйынтыктар – бул 84%ды түзгөн 84 бейтаптагы аралаш инфекциялар экендигин байкоого болот.
3-таблица - УГИ карата өткөрүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы (n=100)
УГИ
| ПЦР
| ИФА
|
Tr. Vaginalis
| 41 | 23 |
C. Trachomatis Ig M
G
| 52
23
| 61
29
|
M. hominis A
G
| 69
44
| 73
52
|
U. urealyticum Ig A
G
| 21
19
| 26
16
|
4-таблица. –Ар кайсы жаш курактагы бейтаптардан табылган УГИ түрлөрү
Жаш курагы
| УГИ түрлөрү
| Абс.сан (%)
|
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
41-50
| 7 (20%) | 10 (28,5%) | 5 (14,4%) | 3 (8,6%) | 10 (28,5%) | 35 (35%)
|
51-60
| 8 (12,5%) | 9 (29,1%) | 3 (7,4%) | 2 (4,8%) | 19 (46,2%) | 41 (41%) |
61-70
| 4 (14,3%) | 10 (43,5%) | 1 (4,4%) | 2 (8,8%) | 6 (26%) | 23 (23%) |
>70
| - | - | - | - | - | 1 (1%) |
Баардыгы
| 19 | 29 | 9 | 7 | 36 | 100 |
%
| 19 | 29 | 9 | 7 | 36 | 100% |
4-таблицадан төмөнкүлөрдү байкоого болот: УБТГ менен жабыркашкан 100 бейтаптын арасынан 19 бейтапта хламидиялык инфекция, 29 бейтапта –уреаплазмалык жана 9 бейтаптан трихоманаддык инфекция, 7 бейтапта – грибок. Булардын ичинен эң эле чоң топту эки же андан көп комбинация түрүндө УГИ ассоциациялары табылган УБТГ бейтаптары түзгөн, жана көбүнчө уреаплазма + хламидия учураган, башкача айтканда аралаш же айкашкан УГИлер (АУГИ). Белгилей кетчү нерсе, бул бейтаптардан гересвирустук инфекциялар дагы (жөнөкөй герпес жана цитомегаловирус) табылган. Бирок, алар толук кандуу изилденген жана титрлери азайган же өзгөрүүсүз калган 87% учур катталган.
УГИ негизинде УБТГ бейтаптарынын клиникалык-лаборатордук көрсөткүчтөрүн өзгөчөлүктөрү 5-таблицада берилген.
5-таблица. – УБТГ менен жапа чегишкен бейтаптардын клиникалык көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыктары
Көрсөткүч
| Көрсөткүчтөрдүн мааниси
|
IPSS, баллдар
| 23,5±1,2
|
Qmax, мл/с
| 7,0±3,2
|
УБ көлөмү, мл
| 78,4±22,1
|
Калган сийдик көлөмү, мл
| 65,2±24,7
|
ЭД, баллдар
| 1,9±0,08
|
Бейтап абалы, баллдар
| 1,6±0,09
|
Көрсөткүчтөрдүн мааниси бейтаптардын абалы IPSS анкетирлөө, уродинамикалык изилдөөлөрдүн жана УЗИ жыйынтыктары аркылуу аныкталаарын көрсөттү. Ошентип, УГИ негизинде өтүшүп кеткен УБТГ бейтаптарынын клиникалык оорулары менен субьективдик абалынын анализи көпчүлүк учурларда оору агымынын билинер-билинбес симтоматикада же симтомсуз мүнөздө өтөөрүн көрсөттү. Оору агымынын узак мөөнөткө созулушу көпчүлүк учурларда процесске уретраны, урук чыктагыч безди, уруктук көбүкчөлөр менен урук бездерин тарта тургандыгын белгилей кетүү зарыл. Бирок, табылган кошумча оорулар негизинен текшерүүлөрдүн лаборатордук, инструменталдык методдорунун негизинде диагностика-лангандыктан инфертилдүүлүктү өз учурунда таап, ооруларды коррекциялоо максатында УГИге чалдыгышкан репродуктивдүү жаш курактагы бардык адамдардын эякулятасын изилдөө зарылчылыгы келип чыгат.
УГИ негизинде өтүшүп кеткен УБТГ кандайдыр бир деңгээлде операциядан кийинки мезгилге жана бейтаптын стационарда болуусуна тескери таасирин тийгизе тургандыгы биз тараптан өткөрүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасы көрсөткөндүгүн белгилей кетүү зарыл.
Изилдөө жыйынтыктары:
- УБТГнын морфологиялык белгилеринин бар экендиги анын ар кандай ыкмалар аркылуу аныкталуучу көлөмү сыяктуу ар дайым эле оорунун клиникалык көрүнүштөрүнүн деңгээлине дал келбейт.
- Клиникалык байкоолордун натыйжасында УГИ негизинде өтүшүп кеткен УБТГ белгилери менен бейтаптын жаш курагынын ортосунда бири-бирине болгон көз карандылык бар экендиги аныкталган.
- УГИнин өнөкөт оорусу менен симптомсуз агымын эске алсак, анда көрсөткүчтөрдүн клиникалык-лаборатордук өзгөчөлүктөрүнө көңүл буруу зарыл. Мунун өзү тандап алынган дарылоо методу менен бейтаптарды операциядан кийин дарылоо иштерин негиздеп алууга кыйынчылык жаратат.
Статьянын автору: Мырзалиев Ж.С.
материалды даярдаган: Кенеев Р.Н.